www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украин армиясынын Запорожье АЭСинин энергетикалык инфраструктурасына урган соккулары максаттуу жасалган жана өтө коркунучтуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Курал-жарактарды жайылтпоо жана көзөмөлдөө департаментинин директорунун орун басары Игорь Вышневецкий билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кол койгон мамлекеттердин өкүлдөрүнүн конференциясында сүйлөдү.
"Өзөктүк коопсуздуктун принциптери одоно бузулуп жатат. Бул тууралуу түз айтуунун ордуна, саясий дезинформация жүрүүдө", — деди дипломат.
Ал Украинаны жана анын колдоочуларын аткылоону токтотуу үчүн бардык аракеттерди жасоого, антпесе кесепети оор болорун белгилеген.
Анын айтымында, Киев станциянын иштешин камсыз кылган электр линияларын түздөн-түз аткылоодо.
Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Булак: NazarNews.kg