www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кайсы уюмдар ишембиликке катышпай жатканы айтылды

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан 23-мартта жана 30-мартта мониторинг жүргүзүлүп, ишембиликке катышпаган министрликтер, ведомстволук уюмдар, билим берүү мекемелери жана башка субъектилер аныкталган.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тизмеге шаардын аймагын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча иш-чарага катышпаган 184 объект киргизилген.

23-мартта аныкталган объектилер боюнча муниципалдык инспекция тарабынан КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлгөн.

30-марттагы тизмеге кирген объектилер боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ишембиликке эки жолу катышпаган уюмдардын арасында төмөнкүлөр бар:

1. Мамлекеттик бажы кызматы;
2. Тышкы иштер министрлиги;
3. «Ала-Тоо» эл аралык университети;
4. «Кыргызстан Эл аралык университети» окуу-илимий өндүрүш комплексинин Чыгыш кампусу;
5. «Народный» ЖЧКсы соода үйү;
6. Финансы министрлиги;
7. Коргоо министрлиги;
8. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
9. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы;
10. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту;
11. Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия;
12. Бишкек медициналык колледжи;
13. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
14. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн Бишкек шаары боюнча башкармалыгы;
15. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК;
16. Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгы;
17. № 124 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
18. Депозиттерди коргоо агенттиги;
19. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту;
20. "Түндүк" темир жол бажысы;
21. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Бишкек шаардык филиалы;
22. Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы;
23. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети (медицина факультети);
24. Академик Т.Садыков атындагы Улуттук искусство академиясы;
25. Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту;
26. Азия өнүктүрүү банкы.

Эскерте кетсек, борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында муниципалдык инспекция өзүнө бекитилген аймактардын экологиялык абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыздайт. Ишембиликтин катышуучулары тарабынан таштандыларды жана жалбырактарды өрттөөгө, тиричилик жана өндүрүш калдыктарын уруксатсыз таштоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

  • Ленин району: 0552 090 987;
  • Свердлов району: 0500 210 470;
  • Биринчи май району: 0551 551 745;
  • Октябрь району: 0555 906 602.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости