www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опузалап пара талап кылууга шектелип Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ички иштер органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө күн мурун, 3-апрелде УКМК ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 160 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИББнин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү К.Б.М., Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаран кармалды.

Тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын кызматтык бөлмөлөрүндө пара катары алынган 80 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын бир бөлүгү, ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер (жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан төлөнгөн чектер жана квитанциялар) табылып алынган.

Кечээ жогоруда аталган адамдар КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК ИИМ жетекчилиги менен биргеликте Кыргызстанда укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости