www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кайырчылык менен алектенген жарандардын арасында алдамчылык фактыларын аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү.
Ленин РИИБ башчысынын орун басары Эркинбек Тыналиевдин айтымында, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө өздөрүн мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары көрсөтүп, жарандардын боорукерлигинен пайдаланып акча чогулткан учурлар катталган.
Анын белгилешинче, айрым адамдар майыптыгы тууралуу жалган маалымат берип, кайрымдуулук көрсөтүүнү көздөшкөн.
Милиция жарандарды кайрымдуулук көрсөтүүдө сак болууга жана шектүү учурлар тууралуу укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды.