www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин айрым аймактарында 14-июлдан 15-июлга чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу 2026-жылдын 14-июлунда саат 09:00дөн 15-июлда саат 08:00гө чейин берилбейт.
Өчүрүү Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө чейин), 6-кичи район, 5-кичи райондун бир бөлүгү, 8-кичи райондун түштүк тарабы, Ала-Арча-1, Ала-Арча-2, Ала-Арча-3 турак жай шаарчалары, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Француз кварталынын батыш бөлүгү, «Газпром» мектеби жана Асанбай 40/1 дарегин камтыйт. Ошондой эле 8-кичи райондо суунун басымы төмөндөй турганы белгиленди.
Ишкана маалымдагандай, чектөө диаметри 600 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
«Бишкексууканал» тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.