www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) АКШнын аймакка кийлигишүүсү токтотулганга чейин Ормуз кысыгы жабыларын жарыялады. Бул тууралуу 12-июлда Ирандын Press TV телеканалы билдирди.

КСИРдин маалыматына ылайык, кошумча көрсөтмө берилгенге чейин кысык аркылуу бир дагы кеменин өтүшүнө уруксат берилбейт.

Ошондой эле ирандык аскерлер Ормуз кысыгы аркылуу уруксат берилбеген багыт менен жана идентификациялык системаларын өчүрүп өтүүгө аракет кылган кемеге сокку урулганын билдиришти. КСИРдин версиясы боюнча, сокку кемени токтотуу максатында жасалган.

Мындан тышкары, КСИР Ормуз кысыгы жабылгандан кийин Иранга каршы жаңы чабуулдар жасалса, жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы каршы тараптын аскердик базаларына сокку уруларын эскертти.

Июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон жаңжалды токтотууну караган меморандумга кол коюшкан. Бирок 8-июлга караган түнү АКШ кайрадан соккуларды баштаган. АКШ президенти Дональд Трамп муну Ирандын Ормуз кысыгындагы соода кемелерине каршы аракеттерине жооп катары түшүндүрүп, мындай окуялар кайталанса аскердик операция күчөтүлөрүн билдирген.

Өз кезегинде Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик инфраструктура объектилерине сокку урууда. Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун аракеттерин мурда жетишилген макулдашууларды олуттуу бузуу катары баалады.

Последние новости