www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Астана шаарында ырчы Кайрат Нуртаска (Айдарбеков) карата жазылган арыз коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Журналист Михаил Козачковдун маалыматына ылайык, 10-июлда 19 жаштагы кыз Ritz-Carlton мейманканасында болгон окуядан кийин ырчыны зордуктоого аракет кылды деп милицияга арыз менен кайрылган.
Ошол эле учурда EGOV.PRESS Telegram-каналы кыз мейманканага интимдик кызмат көрсөтүү үчүн барган болушу мүмкүн экенин, жаңжал ал окуяны видеого тартууга аракет кылгандан кийин чыкканын жазган.
Бирок Астана шаардык полиция департаменти зордуктоо фактысы тастыкталбаганын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, мейманканада эки адамдын ортосунда жеке маселеге байланыштуу пикир келишпестик жаралып, кийин тараптар өз ара мунасага келишкен.
Ошондой эле полиция билдиргендей, кыз бардык арыз-дооматтарынан расмий түрдө баш тарткан.