www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга чөккөн жарандардын өмүрүн сактап калган эр жүрөк жарандарды жана министрлик менен тыгыз кызматташкан кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сыйлык тапшыруу аземинде өз өмүрүн тобокелге салып, адамдарды куткарган жарандарга «Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн» жана «Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн» медалдарын тапшырды.
Министр сыйлык ээлерин куттуктап, алардын эрдиги, кайраттуулугу жана адам өмүрүн сактап калууга кошкон салымы коом үчүн үлгү экенин белгиледи.
Белгиленгендей, сыйлыкка татыгандардын арасында 19-июнда Аламүдүн районундагы «Теплые ключи» эс алуу жайынын жанында жардан сууга кулаган унаадагы адамдарды куткарууга жардам берген жарандар бар. Ошондой эле Балыкчы шаарында эки башка учурда сууга чөгүп бараткан балдардын өмүрүн сактап калган жаран да сыйланды.
Мындан тышкары, ӨКМдүн 35 жылдыгына карата министрликтин бир катар кызматкерлерине Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана Коргоо министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.