www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окумуштуулардын акыркы маалыматына ылайык, Антарктидадагы муз катмарынын жоготуусу уланууда. NASAнын спутниктик байкоолору боюнча, 2002-жылдан бери Антарктида жылына орточо 135 миллиард тонна муздан ажырап келет. Бул эриген муз дүйнөлүк океандын деңгээлинин көтөрүлүшүнө түздөн-түз таасир этүүдө.
Европанын Copernicus Climate Change Service кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылы Антарктида жалпысынан 82 миллиард тонна муз жоготкон. Бул континентте муз массасынын кайрадан азайып жатканын көрсөтөт.
Ошондой эле 2026-жылы жарыяланган жаңы изилдөөдө XXI кылымдын ичинде Антарктиданын бетиндеги муздардын эриши дагы да күчөй турганы айтылган. Окумуштуулардын пикиринде, абанын жана океандын температурасынын жогорулашы муз текчелеринин туруктуулугун начарлатып, деңиз деңгээлинин мындан ары да көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.
Адистер белгилегендей, эгер парник газдарынын бөлүнүп чыгышы азайтылбаса, Антарктидадагы муздардын эриши жээк аймактарындагы миллиондогон адамдар үчүн суу каптоо коркунучун күчөтүп, дүйнөлүк климатка олуттуу таасирин тийгизет.
Эске сала кетсенк, Антарктида болжол менен 24 миллион км³ муз бар. Бул Жер жүзүндөгү тоңгон абалда сакталган таттуу суунун 90%дан ашыгын түзөт. Муз катмарынын орточо калыңдыгы 1700 метрден, ал эми эң калың жери 4000 метрден ашат. Дал ушул муздун аркасында Антарктида Түштүк уюлундагы алп ак күмбөздөй көрүнөт.
Антарктида — Жер жүзүндөгү эң суук материк. Кыш айларында абанын температурасы –90°Сге чейин көтөрүлөт. Жайында болсо орточо –20°С болот. Бул жерде жамгыр дээрлик жаабайт.
Антарктида Жер планетасынын негизги «муздаткычы» болуп эсептелет жана дүйнөлүк климатка чоң таасир этет. Жай мезгилинде материкке күндүн нуру көп түшөт. Түштүк жарым шардагы жайда күндөн коргоочу көз айнексиз сыртка чыгуу кыйын, анткени тери бат күйөт.
Антарктида бир дагы мамлекетке таандык эмес жана бул жерде туруктуу калк жашабайт. Ошого карабастан, 16 мамлекет өздөрүнүн илимий станцияларын куруп, материктин жаратылышын жана климатын изилдеп келет. Антарктида — тынчтыктын жана эл аралык кызматташуунун материги. Бул аймакта аскердик иш-аракеттерге жана курал жайгаштырууга тыюу салынган. Эч бир мамлекет аны өзүнүн аймагы деп жарыялай албайт. Бул укуктук макам 1959-жылдын 1-декабрында кабыл алынган эл аралык келишим менен бекитилген.
Антарктида 1820-жылы орус деңиз саякатчылары Фаддей Беллинсгаузен менен Михаил Лазарев тарабынан ачылган. Ал эми 1911-жылдын декабрь айында норвегиялык саякатчы Руаль Амундсен биринчи болуп Түштүк уюлуна жеткен. Андан көп өтпөй англиялык изилдөөчү Роберт Скотт жеткен.
Географиялык жайгашуусу: Жердин түштүк полярдык аймагында, Түштүк уюлдук алкагынын ичинде жайгашкан.
Аянты: 13 975 миң км².
Климаты: өтө катаал антарктикалык климат, орточо температурасы –30°Сден –50°Сге чейин.
Геологиялык түзүлүшү: байыркы Антарктида платформасы.