www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Ош шаардык прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык ыкчам кеңешме жана атайын окуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков, Ош шаарынын прокурорунун орун басары Уланбек Сулайманов, прокуратура кызматкерлери, тергөөчүлөр, ыкчам кызматкерлер, аймактык тескөөчүлөр жана алардын жетекчилери катышты.

Жыйында «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасын талапка ылайык колдонуу, электрондук кылмыш иштерин жүргүзүү жана тиешелүү маалыматтарды толук киргизүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле «Сот 3.0» автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Прокуратура өкүлдөрү маалыматтык системаларды туура пайдалануу, кылмыш иштерин түзүү жана жүргүзүүдө белгиленген талаптарды сактоо, ошондой эле тергөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан тышкары, жарандардын арыз-даттанууларын кароону жакшыртуу, үй-бүлөлүк зомбулук, алимент өндүрүү, алдамчылык жана баңги заттарга байланыштуу кылмыштар боюнча тергөө иштеринин сапатын жогорулатуу маселелери каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү, кылмыш иштерин ар тараптуу, толук жана объективдүү тергөө, ошондой эле кылмыш-жаза процессинин катышуучуларынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча тиешелүү милдеттер коюлду.

Мындай окуулар милиция кызматкерлеринин кесиптик билимин жогорулатууга жана мыйзам талаптарын так сактоого багытталган.

Последние новости