www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен «Табигый Кыргыз Жаңгагы» брендинин Улуттук маркетинг планы иштелип чыкты.

Планды талкуулоого арналган жыйын Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өтүп, ага министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова катышты.

Маркетинг планынын негизги максаты — кыргыз жаңгагын ички жана эл аралык рыноктордо таанытуу, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жергиликтүү жамааттар үчүн жаңы киреше мүмкүнчүлүктөрүн түзүү.

Кыргызстанда жылына 44 миң тоннадан ашык жаңгак жыйналат. Аны чогултуу жана сатуу өлкөнүн аймактарындагы көптөгөн тургундар үчүн киреше булагы болуп саналат.

Планда бренддин логотибин жана визуалдык стилин иштеп чыгуу, продукцияны маркалоо жана QR-код системасын киргизүү, социалдык тармактарда жайылтуу, ошондой эле кыргыз жаңгагын эл аралык көргөзмөлөрдө жана экспорттук рыноктордо таанытуу каралган.

Кийинки этапта органикалык сертификациядан өткөрүү, географиялык көрсөткүчтү каттоо жана жаңгак токойлорун туруктуу башкаруу маселелери каралат. ФАО бул багыттагы иштерге мындан ары да колдоо көрсөтөт.

Последние новости