www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 17-сентябрында Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-казак саясий диалогунун жогорку деңгээлин жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгилешти.

Тараптар эки өлкөнүн башчылары тарабынан коюлган кыргыз-казак мамилелерин союздаштык жана жакшы коңшулук мамилелеринин жаңы деңгээлине чыгаруу боюнча милдеттерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири миграция болду. Элчи эки өлкөнүн жарандары үчүн жүрүү, транзит жана эмгек ишмердиги боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар союздаштык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришип, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле көп тараптуу жана интеграциялык түзүмдөрдүн алкагында өз ара аракеттенүүнү жана бири-бирин колдоону улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Последние новости