www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Чоң-Алай районунда алгачкы жолу Германиянын KBC KASHMIR FAO 390 гибриддик жүгөрүсү эксперименттик негизде өстүрүлө баштады.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жүгөрү 3,5 гектар аянтка себилип, долбоордун негизги максаты мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо жана жергиликтүү шартка ылайык жогорку түшүмдүү тоют өсүмдүктөрүн аныктоо болуп саналат.

Эксперименттин алкагында жүгөрүнүн бийик тоолуу аймактагы өсүү өзгөчөлүктөрү, түшүмдүүлүгү жана тоюттук сапаты изилденип, алынган жыйынтыктар келечекте райондун фермерлерине сунушталат.

Белгиленгендей, эксперименттик айдоо райондун жогорку, ортоңку жана төмөнкү аймактарына жайгаштырылып, анын абалы агрономдор тарабынан жума сайын көзөмөлдөнүп, мониторинг жүргүзүлүүдө.

Долбоор сапаттуу тоют өндүрүшүн көбөйтүүгө, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган.

Последние новости