www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын өкмөтүнүн отставкага кетиши Владимир Зеленскийге коррупциялык кылмыштар боюнча жоопкерчиликти мурдагы министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жүктөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай пикирин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник ТАСС агенттигине билдирген.
«Кандай болгон күндө да өкмөттүн отставкасы – Зеленскийдин өзүнө карата айтылып жаткан коррупция боюнча айыптоолордон арылууга багытталган антикризистик аракетинин бир бөлүгү. Ал жоопкерчиликти кызматтан кеткен “коррупционерлерге” оодарууга аракет кылат. Алардын ордуна ушул эле багыттагы, бирок азырынча коррупцияга ачык аралашканы белгилүү боло элек жана саясий жактан анча таанылбаган адамдарды алып келүүгө аракеттенет», – деген Мирошник.