www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кардын мол жаашына байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаар аймагын кыдырып, учурдагы абал менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы тиешелүү кызматтарга ыкчам тапшырмаларды берип, иштердин өз убагында, сапаттуу жана үзгүлтүксүз аткарылышы зарыл экенин белгиледи.
«Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн көчөлөр таза жана коопсуз болушу керек. Бардык кызматтар тыгыз жана үзгүлтүксүз иштеши зарыл», – деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Таң эртеден тарта шаар көчөлөрүнө атайын техника чыгарылып, ишкананын кызматкерлери күнү-түнү иш жүргүзүүдө.
Шаарды кардан тазалоо жана тайгакка каршы материалдарды себүү үчүн 51 даана МАЗ, күрөгү бар 4 HOWO, 3 фронталдык жүктөгүч, 34 «Беларус» трактору, 5 Bobcat, 5 УКМ жана 3 чаңгычтуу жүктөгүч тартылган.
Көчөлөрдү тазалоо иштери аба ырайынын шарттарына жараша улантылат.