www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунда азык-түлүк коопсуздугу жана бааларга көзөмөл күчөтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ошондой эле эт азыктарынын бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүү, алып-сатарлыкка жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча иш-чаралар улантылууда.
Социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөө максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топ тарабынан Сузак районунда эт саткан соода түйүндөрүнө текшерүү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө соодагерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эттин баасы 680–690 сомдун чегинде гана сатылышы керектиги эскертилди.
Жыйынтыгында бааларды негизсиз жогорулатуу фактылары аныкталып, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү протоколдор түзүлдү.