www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматтарга ылайык, кырсык Грозныйда болду. Адам Кадыровдун кортежи жогорку ылдамдыкта баратып жолдо күтүүсүз тоскоолдукту жолуктурганда, машинелер бири-бирине урунган. Жаракат алгандардын арасында башка бир жогорку кызматтагы чечен жетекчинин уулу да болушу мүмкүн, аты айтылган эмес.
Машинаны 18 жаштагы Адам өзү айдап бараткан. Унаа тосмону сүзгөнү маалымдалды.
Соңку кабарларда айтылгандай, ооруканага эс-учун жоготкон, оор абалда түшкөн. Бирок Адам Кадыров эсине келгенин айтышкан дарыгерлер анын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип жатышат.
Адам Кадыров 15 жашында абакта жаткан кишиге зомбулук көрсөткөн окуядан кийин кеңири таанымал болгон. Атасы Рамзан Кадыров Telegram каналына окуянын видеосун жарыялаган, кийин ал уулуна Чеченстандын баатыры деген наам ыйгарып, ошол адамды "өлтүрүп койсо деле жакшы болмогун" айткан. Ага Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Ички иштер министрлигинин куратору деген кызматтар берилген.
Эки жыл мурда "Проект" басылмасы Кадыровдор Чеченстанда бийликке ФСБнын жана кылмыштуу топтун ортомчулугу менен келгенин иликтеп чыккан. Иликтөө “Киши өлтүрүүлөр, жашы жете электердин гареми жана Рамзан Кадыровдун мураскорлорунун сыры” деп аталат.