www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гренландия айланасындагы талкуу Европа менен АКШнын ортосунда жаңы чыңалуу жаратышы мүмкүн. Франция бул маселени жөн гана аймактык же саясий талаш эмес, трансатлантикалык мамилелерге түз коркунуч катары карап жатат. Париждин позициясы боюнча, АКШ Гренландияны күч колдонуу же саясий басым аркылуу өз көзөмөлүнө алууга аракет кылса, бул Европанын стратегиялык «кызыл сызыгын» бузган кадам болот.
Франциянын каржы министри Ролан Лескюр бул көз карашты АКШнын каржы министри Скотт Бессентке түз билдиргенин Financial Times басылмасы жазды. Анын айтымында, мындай сценарий Европа менен АКШнын ортосундагы экономикалык ишенимге олуттуу доо кетирет. Анткени эки тарап азыркы учурда дүйнөдөгү эң ири соода өнөктөштөрүнүн катарына кирет.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы Евробиримдик менен АКШнын ортосунда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча соода жүгүртүү 1,6 триллион евродон ашкан. АКШ ЕБ үчүн негизги экспорттук рынок бойдон калууда. Ушундай шартта Париж Гренландия маселесиндеги кескин кадамдар экономикалык кызматташтыкка гана эмес, жалпы саясий өнөктөштүккө да доо кетирерин эскертип жатат.
Франциянын чакырыгы — Вашингтондун бул аймакта күчкө же басымга таянган стратегиядан баш тартып, союздаштардын кызыкчылыгын эске алуу. Болбосо, Гренландия маселеси Батыштын ичиндеги ири геосаясий ажырымга айланышы мүмкүн.