www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети үлпөт, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Анда жамандык-жакшылыктарды өткөрүүдө ысырапкорчулука жол бербөө максаты айтылат. 

Салтанаттар жаштар менен ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулуп, карыз же насыя алууга жол берилбейт.

Конокторду 200 адамдан ашырбоо, тойду бир күндө өткөрүү, кошумча этаптарды жана чыгымдуу иш-чараларды уюштурбоо, ашыкча тамак-аш даярдоого жол бербөө, бир бодо союу менен чектелүү сунушталат.

Уятсыз, орой тамашалар, байлыкты демонстрациялоо жана атаандаштык, үчтөн ашык унаадан турган кортеж, фейерверк жана ашыкча шоу-программаларга тыюу салынат.

Кымбат белектерге мажбурлоо, "кийит кийгизүү", "себет берүү", "түштөнтүү" сыяктуу ысырапкерчилик салттарга жол берилбейт.

Сөөк коюла турган күнү мал союлбайт, бирок катышуучулардын саны чектелбейт.

Жылдык өткөрүү милдеттүү эмес, ыктыярдуу болот. Кийинки эскерүүлөрдө майда жандык же бир бодо союуга уруксат берилет. Жөнөкөй дасторкон даярдалып, жакын туугандар гана чакырылышы шарт.

Последние новости