www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто хирургдар 2 жашар баланын ичегисинен 17 даана магнитти алып чыгышты. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Ооруканага 2 жашар бейтап магниттик оюнчуктун 17 даанасын жутуп алган абалда кайрылган. Бейтап 3 күн аралыгында улам-улам кусуп жаткандыгына байланыштуу райондук ооруканага кайрылып, рентген текшерүүнүн жыйынтыгында ичегилерде бир нече тизилген бөтөн зат аныкталган.
Оорукананын тажрыйбалуу хирургдарынын бригадасы бейтапка шашылыш операция жасап, жутуп алган 17 даана магнит ичегиден толук чыгарылган. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат.
Белгилей кетүүчү жагдай: магниттик оюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу. Бир нече магнит жутулганда алар ичеги-карын ичинде бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге, операциялык кийлигишүүгө чейин алып келиши мүмкүн.