www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттик иликтөөлөр фонду Кыргызстанда 2025-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы VIII сыйлыкка сынак жарыяланганын кабарлады.

Сынакка журналисттик иликтөө менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынат.

Анда журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу жана теманын масштабы, автордук ыкма жана стили, теманы толук ачып берүү, иликтөөнүн далилдүүлүгү, алынган маалыматтын эксклюзивдүүлүгү, иликтөөчү журналистиканын этикалык жана кесиптик стандарттарын кармануусу эске алынат.

Сынакка катышуу үчүн көрсөтүлгөн материалдардын шилтемелери 2026-жылдын 31-январына чейин (31-январь акыркы күн) [email protected] электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек. Материалдардын шилтемелеринен тышкары катта автордун (авторлордун) аты-жөнү, редакциянын же уюмдун толук аталышы, сынакка берилип жаткан материалдын кыскача аннотациясы камтылышы зарыл.

Сынакка 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан материалдар кабыл алынат.

Последние новости