www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте кармалган орусиялык активист Алена Крылова СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 6-июндагы чечими менен тергөөчүнүн убактылуу камакка алуу өтүнүчү канааттандырылып, А.К. 4-июлга чейин убактылуу кармоочу жайга камалды», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин, Кыргызстанда орусиялык саясий активист Алёна Крылова кармалганы айтылган.
Крылова – Орусиядагы «Адам укуктары үчүн» кыймылынын мурдагы басма сөз катчысы. Кезинде ал бул өлкөдө экстремисттик деп табылган «Левое сопротивление» кыймылынын ишмердүүлүгүнө катышып жүргөн. Орусияда Крыловага жана аталган кыймылдын дагы беш мүчөсүнө каршы «Экстремисттик уюм түзүү» беренеси менен кылмыш иштери козголгон. Тергөөнүн айыптоосунда алар «бийликти каралоого багытталган жана полиция менен кагылышууларга түрткөн митингдерди, жүрүштөрдү уюштурууну көздөгөнү» жазылган.
Булак: NazarNews.kg