www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад боюнча камакта отурган саясатчы-активисттердин билдирүүсү Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда алар тергөө тобунун башчысы тарабынан ынтымакты ыдыратуу аракети болуп жатканын белгилешкен.
Төмөндө текст өзгөртүүсүз берилди:
"Сегиз айдан бери мыйзамсыз СИЗО-21де камакта отурган биздин ынтымакты бузуу үчүн, 8 ай бою токулган жасалма ишти эптеп эле сотко түртүп жиберүү максатын ишке ашыруу үчүн, тергөө тобунун жетекчиси У.Жапеков «кемпир-абадчыларды» бөлүп-жаруу ыкмасын колдонууда.
7-июнда бир нече «кемпир-абадчы» СИЗОдон ГСУга атайын чакырылган эмес. Бирок «кемпир-абадчылардын» койгон талабынан кийин аларды ГСУга алып келүүгө аргасыз болгон.
Анткен менен, 8-июнда ошол эле адамдарды СИЗОнун нөөмөт бөлүмүнөн артка кайтарткан. Мындай көрүнүш 9-июнда дагы уланган.
У.Жапековдун мындай арамза ою ишке ашпайт! 8 ай сынбаган, ынтымагын бузбаган «кемпир-абадчылар» акыйкат жеңишине чейин бирге болот!", - деп жазылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg