www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катардан жана Кувейттен дарыгерлердин тобу келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Катардык адистер балдардын угуу органдарына операция жасап, кохлеардык имплант системасын орнотот. Андан тышкары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун медициналык кызматкерлерин окутат. 11-майга карата 8 балага операция жасалды.

Кувейттен келген дарыгерлер 13-майдан 16-майга чейин 4 күн аралыгында көрүү органдарынын, бет-жаак түзүлүшүнүн, табарсык-жыныс системасынын патологиясы бар балдарга операция жасашат. Медициналык бригада өздөрүнүн жабдуулары жана медициналык буюмдарын ала келген. Операциялар бекер болот.

Белгилей кетсек, операция бекер жүргүзүлөт.

Последние новости