www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын бир нече кызматкерлери кылмыш жообуна тартылды  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин КИББнын кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, киийнки жагдайлар аныкталган.

"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Кара-Суу филиалынын кызматкерлерине Кызыл-Кыштак айыл округунун участогунда жайгашкан үйдүн курулушу аяктагандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн. Курулуштун аяктагандыгы жөнүндө ушул билдирүүнүн негизинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкерлери турак үйгө техникалык паспорт беришкен. Кара-Суу филиалы тарабынан адистердин ишинин сапатын текшерүү максатында түзүлгөн атайын комиссиянын мүчөлөрү аталган дарекке барган учурда жогоруда көрсөтүлгөн участокто эч кандай курулуштар жок экендигин аныкташкан. Ушундай эле факт ондон ашык участокто эч кандай курулуштар жок экендигин аныкталган",-деп айтылат билдирүүдө.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Кара-Суу филиалынын жана Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жоопту кызмат адамдарынын аракеттеринде Кыргыз Республикасынын КЖКнин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ошентип, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Документтердин жасалмасын жасаганы аныкталган.

Ал эми бул жагдай, жогорудагы кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун ведомосторун пайдаланышып, Кара-Суу районунун О.А. жана О.Ж. аттуу тургундары жарандарды алдоо жолу менен жасалма өзгөчө ири өлчөмдөгү кредиттерди алганга жол берип, жарандарга өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтиришкен. 

Тергөөнүн жыйынтыгы менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкерлери 1980-ж.т. К.Д., 1977-ж.т. И.А., 1968-ж.т. А.Б., 1975-ж.т. О.С. жана Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызматкери мурдагы кызматкери 1964-ж.т. К.Б. кылмыш жообуна тартылып, айыбы угузулду.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости