www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Бишкекте мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен шаардык кызматтар түнү менен катуу шамалдын кесепеттерин тез арада жойду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-март саат 08:00гө карата төрт райондук администрациядан жана шаардык кызматтардан маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтарга караганда, борбор калаада түн ичинде жолдорду тазалоо, кулаган бактарды алуу, үзүлгөн электр зымдарын калыбына келтирүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылды.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы боюнча таң атканча линиялардын үзүлүшү боюнча 8 учур катталып, калыбына келтирилди, ошондой эле шамалдын башка кесепеттери жоюлду. Бригадалык чыгуулар уланууда. Кечке чейин шаар боюнча кесепеттер калыбына келтирилет. Потенциалдуу кооптуу 2 тирөөч демонтаждалган. №62 мектепте 2 кондиционер алынды.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан 50дөн ашык көчө санитардык тазалоодон өткөрүлүп, катуу шамалдан улам пайда болгон 5ке жакын таштанды жайлары түнкүсүн тазаланды.

Мындан тышкары, учурда ишкана жабыркаган аймактарда күчөтүлгөн санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп жатат, “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түн ичинде 30дан ашык авариялык дарактарды жок кылышты.

Калган бардык маселелер боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 28-мартта болжол менен саат 16:20да Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 18-28 метрге жеткен катуу шамал башталган.

ӨКМдин алдын ала берген маалыматына таянсак, шамалдын кесепетинен жалпы 154 объект жабыркады.

  • Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон;
  • Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости