www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Өзбекстанга Казакстан аркылуу экспорттолуучу жаратылыш газынын көлөмү быйыл былтыркыга караганда үч эсе көбөйтүлгөнү жатканын бүгүн 28-мартта казак Энергетика министрлигинин маалыматына таянып «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.

«Газпромдун» жана Казакстандын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Өзбекстанга транспорттолуучу орусиялык газдын жылдык көлөмү 3,8 млрд куб метр болот, былтыр бул көрсөткүч 1,28 млрд куб метрди түзгөн.

Өзбекстан Орусиядан газды Казакстан аркылуу импорттоону 2023-жылдын октябрында баштаган.

Быйыл март айынын башында «Озодлик» радиосу Өзбекстандын газ транспорттоочу системасындагы жагдай тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Анда энергетика тармагынын падышасына айланды деген Бахтиёр Фазылов аттуу ишкер тууралуу баяндалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости