www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кавасаки синдромунан 2 бала дарыланып жатат. Бул маалыматты бүгүн, 17-февралда аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

«Кырдаал көзөмөлдө. Министрлик тарабынан коронавирустан дарылоонун 5-протоколу бекитилип жатат. Анда кавасаки синдромунан дарылоо дагы кошулат», - деди Узакбаев.

Анын маалыматы боюнча, Кыргызстанда кавасаки менен ооруган балдар арасында өлүм катталган жок.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 28 бала кавасаки синдромуна шектелип, ооруканага жаткырылганы айтылган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости