www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 14-январында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Анда, “Instagram” социалдык тармагындагы “bella_gadane.kg” аттуу баракча аркылуу анын ишеничине кирип, «жол ачып беребиз» деген шылтоо менен мобилдик тиркеме аркылуу 523 миң 366 сом акча каражатын котортуп алгандан кийин байланышка чыкпай калган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган Б.Е., аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кармоо учурунда шектүүдөн уюлдук телефондор, банктык карталар, жарнамалык баракча, абоненттик номери +996 500 38-06-75 көрсөтүлгөн бирдей визиткалар/наклейкалар, «Куран» китеби, «Кабыл болгон дубалар» аттуу китеп, беттери саргайган эски китеп, үч бөлүктөн турган, бирок ажырагыс бир бүтүндүктү билдирген байыркы символ түшүрүлгөн, Таро карталарынын колодасы, сырткы көрүнүшү 100 АКШ доллары номиналындагы банкнотторго окшош купюралар буюмдар далил катары табылып, алынган. Алынган бардык буюмдар кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.
Кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(700) 21-00-24, 0(551) 90-00-59 же 102.