www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцариянын Давос шаарында 18 өлкөнүн өкүлдөрү Газа боюнча Тынчтык кеңешинин уставы жөнүндө келишимге кол коюшканы маалым болду. 

Документке АКШ, Түркия, БАЭ, Сауд Арабиясы, Армения, Аргентина, Азербайжан, Болгария, Венгрия, Индонезия, Иордания, Казакстан, Косово, Пакистан, Парагвай, Катар, Өзбекстан жана Монголиянын өкүлдөрү кол койгон.

Салтанатта Трамп сүйлөп жатып, “адатта таптакыр жакпаган эки-үч адам болот” деп айтып, бирок ага Тынчтык кеңешинин бардык мүчөлөрү жагарын белгиледи.

Бирок бул Тынчтык кеңешитне бир дагы Батыш Европанын бир да өкүлү кошулган жок.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левиттин айтымында, Тынчтык кеңешине расмий түрдө эл аралык уюм деген макам ыйгарылды. Ага башка мамлекеттер да кошула алат, кеңештин ишмердүүлүгү Газадан тышкаркы да региондорду камтышы мүмкүн.

Тынчтык кеңеши түзүлүп жатканын Трамп өткөн жуманын соңунда жар салган. Ага өзү төрага болот. Курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио, атайын чабарман Стив Уиткофф, инвестор Жаред Кушнер, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары Роберт Гэбриэл, Британиянын экс-премьери Тони Блэр жана Дүйнөлүк банктын башчысы Ажай Банга бар.

Булак: NazarNews

Последние новости