www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Жол коопсуздугу башкармалыгынын инспекторун кичи автобус коюп кетти. Автоунаанын соккусунан 10 метрдей учуп кеткен тартип сакчысы ооруканага жаткырылганын аталган башкармалыктын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлаган.

Окуя 1-октябрда саат тогуздан өткөндө болгон. Жабыркаган инспектордун шеригинин айтымында, милициянын старшинасы Султаналиев атайын сызыктан өтүп бараткан окуучуларга жардамдашуу максатында жолго чыккан учурда ылдам келаткан "Мерседес бенц" үлгүсүндөгү кичи автобус коюп кеткен. 

Кичи автобустун маңдайкы айнегине жарака кеткен. Айдоочу кармалып, автоунаа айып токтотмого киргизилгени кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости