www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коомдук транспорттун баасы кайра көтөрүлөбү?

Мэрия коомдук транспортто жол кире акысын кайрадан көтөрүүнү пландоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна коюлуп, коомдук талкууда.

Баалардын экономикалык анализин жана бул варианттардын таасиринин натыйжалуулугун эске алуу менен бүгүнкү күндө бир жүргүнчүнүн жүрүүсүнө төмөнкү тарифтерди белгилөө пландаштырылууда:

- троллейбуста - 15 сом;
- автобуста, менчигинин түрүнө карабастан (өзгөчө чакан класстагы автобустардан башкасы) - 15 сом;
- менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда: - саат 06:00дөн 20:30га чейин - 21 сом; 20:30дан 06:00гө чейин - 32 сом;
- менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы экспресс автобустарда:  № 233, 234 - 22 сом; № 123, 226, 252 - 32 сом.

Автобустарда, троллейбустарда бир жүктү ташуу үчүн төлөм:

- салмагы 40 килограммдан ашык же көлөмү 50×60×100 сантиметрге – 10 сом.

Тариф көтөрүлгөн учурда бир айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук билеттин) баасы:

- мектеп окуучулары үчүн - 320 сом;
- жалпы (троллейбус, муниципалдык автобус менен жүрүү үчүн) - 920 сом.

Ошондой эле шаардык каттоодо турган жарандардын төмөнкү категорияларына муниципалдык коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто бекер жүрүү укугун белгилөө сунушталат:

- жашы боюнча пенсионерлер;
- жалпы оорунун жана эмгектик мертинүүнүн биринчи, экинчи, үчүнчү топтогу майыптары;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- «Кыргызпочтасы» ААКсынын почтальондоруна өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда;
- жети жашка чейинки балдар.

Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда бекер жүрүү үчүн негиз болуп акысыз жүрүүгө укугу бар ээсинин фамилиясын, атын, атасынын атын жана сүрөтүн көрсөтүү менен жекелештирилген транспорттук карта эсептелет.

Негиздемеде Бишкек шаарынын коомдук транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу наркын эсептөө тарифтик саясаттын объективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөнү айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости