www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коомдук унаалар текшерилип жатат

Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек ШИИББдин Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун соңку аялдамаларына барып, айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Жолугушуу учурунда унаанын техникалык абалына көңүл бурулуп, жарык берүүчү, айнек тазалоочу жана электр жабдыктары, аккумулятору текшерилип, аны менен бирге сөзсүз түрдө санитардык нормалардын сакталышы зарыл экендигин эскертилди», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости