www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте “Кайра жандандыруу 2022” антикризистик форуму ачылды. Анын ишине экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, бизнес өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышууда.
Форумда Орусияга салынган санкциялардын Кыргызстандын каржы жана реалдуу секторуна тийгизген таасири, мүмкүн болуучу жаңы перспективалар жана рыноктор, ошондой эле, республиканын агро өнөр жай тармагындагы кырдаал талкууланды.
«Бүгүнкү күндө бардык мүмкүнчүлүктөр мобилизацияланды, алар кризистик кырдаалдан чыгууга багытталган. Министрлер кабинетинин акыркы жыйынында айрым тармактар үчүн чийки затты импорттоого салык жүгүн жеңилдеткен бир катар ченемдик-укуктук актылар кабыл алынды. Айрым товарларга КНС алып салынды. Бул учурда болуп жаткан баанын өсүшүн минималдаштырууга тийиш”, - деди министр Данияр Амангелдиев.
Ал, ошондой эле, социалдык маанидеги азык-түлүктү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашуулар жетишилгендиктен, калк арасында азык-түлүккө карата дүрбөлөңгө түшүүгө эч өбөлгө жок экенин белгиледи. "Өкмөттүн антикризистик планы биринчи кезекте каржы рыногун турукташтырууга, айыл чарбасын колдоого, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган", - деди министр.
Булак: NazarNews.kg