www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Батыш элдерине кайрылуу жасады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. "Санкциялардын терс таасирине Орусия Федерациясы күнөөлүү деп өжөрлүк менен силерди ишендирүүгө аракет кылып жатышат, бирок мунун баары Батыштын өзүнүн саясатынан улам болуп жатат", -  деп айтылат маалыматта.

"Баарына биздин мамлекетти күнөөлөп, "оорулуу баштан соолукка" өтүүнүн кереги жок. Батыш мамлекеттеринин карапайым жарандары да мени угушун каалайт элем. Алар азыр силердин бардык кыйынчылыктарыңардын артында Орусия турат деп ишендирүүгө аракет кылып жатышат. Мунун баары калп. Чындыгында Батышта миллиондогон адам туш болуп жаткан маселелер алардын мамлекетинин башкаруучу элитасынын көп жылдык аракеттеринин, алардын катачылыктарынын жана амбицияларынын натыйжасы", - деди Путин.

Анын айтымында, бул элиталар "өз кызыкчылыктарына жана пайдаларына берилип кеткендер".

Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылышуу башталгандан кийин, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияга жана Путин баш болгон бир топ мамлекеттик кызматкерге санкция жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости