www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, учурда дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий кырдаал социалдык-экономикалык тобокелдиктердин пайда болушуна алып келүүдө. Кырдаалды эске алуу менен Министрлер Кабинети кризиске каршы кезектеги бир катар чараларды кабыл алды.

Антикризистик чараларды калыптандыруу алкагында жарандык жана бизнес коомчулук өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, алардын сунуштары документке киргизилген.

Кезектеги чаралар жыйындысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, күндө керектелүүчү товарларга бааны турукташтырууга, калкты социалдык жактан колдоого жана иш менен камсыз кылууга, ошондой эле финансылык туруктуулукту камсыздоого жана ишкер субъектилерин колдоого багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости