www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте курулуш компанияга 200 000 сом айып салынды

"Палладий Групп" ЖЧКсына карата 200 000 миң сом өлчөмүндө айып салынды. 

18-январда, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин инспекторлору менен борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерине рейд жүргүздү. 

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Алсак, имаратты жана курулмаларды долбоорлоодо жана курууда техникалык регламенттин талаптары сакталган эмес. Ошондой эле алар менен байланышкан бир нече ченемдик-укуктук актылар бузулган. Мындан улам курулуш иштерин жүргүзгөн "Палладий Групп" ЖЧКсына карата 200 000 миң сом өлчөмүндө айып салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттердин талаптарын так аткарууга, курулуш иштерин белгиленген стандарттарга ылайык жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертет.

Последние новости