www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдиги Гренландия маселесинен улам жаралган бажы тирешене байланыштуу АКШга каршы жооп иретинде 93 миллиард еврого чейин бажы төлөмдөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын Financial Times жазды.

Маалыматка ылайык, мындай төлөмдөр тизмеси былтыр эле даярдалган. Бирок соода согушун алдын алуу үчүн 6-февралга чейин убактылуу токтотулган. Бирок 18-январда ЕБ элчилери бул чараларды кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Басылманын белгилешинче, Брюсселде АКШга каршы бажы төлөмдөр менен чектелбестен, америкалык компанияларга карата кошумча чектөөлөрдү киргизүү жолдору да каралууда.

 Бул кадамдар АКШ президенти Дональд Трамптын Гренландия боюнча катуу позициясына жооп катары кабыл алынышы мүмкүн. Эксперттер муну Евробиримдик менен АКШнын ортосундагы экономикалык мамилелердеги олуттуу бурулуш катары баалашууда.

Последние новости