www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Шабдан баатыр көчөсү 1/1 дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйдө курулуш эрежелери сакталбаганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш аянтчасын уюштурууда жана анын аймагын талапка ылайык кармоодо кемчиликтер, ошондой эле курулуш нормаларынын жана техникалык регламенттердин айрым талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Прима Констракшн» ЖЧКга карата акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган эреже бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Прима Констракшн» ЖЧКнын жетекчиси жана негиздөөчүсү Жаркымбаев Элдар Тайырбекович болуп саналат.