www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Суу районуна барып, «Чоң-Ашуу» адистештирилген кар көчкү станциясынын ишмердүүлүгү жана №39 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Министрге маалымдалгандай, 1960-жылдары курулган «Чоң-Ашуу» станциясы Каракол—Эңилчек унаа жолундагы кар көчкү коркунучун көзөмөлдөп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча маанилүү иштерди жүргүзөт.
Ошондой эле Канатбек Чыныбаев 2013-жылдагы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген №39 өрт-куткаруу бөлүгүнүн ордуна курулуп жаткан жаңы эки кабаттуу имараттагы иштерди көрүп чыкты. Курулуш 2025-жылдын апрель айында башталып, учурда соңку баскычына жеткени белгиленди.
Жыйынтыгында министр жооптуу жетекчилерге курулушту белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.