www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 11-августунда борбор калаанын тургуну Бишкектин Фучик көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн эки бөлмөлүү батир сатып алган. Ошол күнү ал курулуш компаниясынын директоруна 1 миллион 921 миң 800 сом берген.

2-октябрда маалымдалгандай, ал сатылып алынган турак жайды алган эмес жана 27-сентябрда милицияга кайрылган.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталган.

Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.З. кармалып, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында анын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 27 миллион 97 миң 555 сомду түздү.

Милиция дагы башка фактылар бар экенин жокко чыгарбайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары кармалган адамдын аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кайрылууну суранат: 0 (505) 106-565, 0 (500) 030-200, 0 (701) 002 -688 же 102.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости