www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир адамдын өз тарыхы болот. "Мехр" гуманитардык операциясынын алкагында Өзбекстанга биринчилерден болуп кайтарылгандардын бири 27 жаштагы Мархабо болгон. Бул дээрлик төрт жыл мурун болгон окуя. Бүгүнкү күндө Мархабо жана анын 5 жаштагы кызы Наргиз кадимки жашоо образын алып жүргөн карапайым мекендештерден анча деле айырмаланбайт. Үй, жумуш, бала бакча...
Мархабо Самарканд облусунда туулуп-өскөн. Мектепти бүтөөрү менен турмушка чыккан. Үй-бүлөлүк жашоосу башынан эле жакшы болгон эмес. Кайненеси жөндөмсүз келинине тил тийгизип, анын үстүнө ал такыр кош бойлуу боло албай койгон.
Үч жылдан кийин кайненеси уулуна жаңы аял таап берип, Мархабону үйдөн кууп чыккан. Ажырашуу жана жакындарынын үй-бүлөсүн сактап кала албагандыгы үчүн күнөөлөгөнү 21 жаштагы кыздын психологиялык абалына чоң таасирин тийгизген. Ошондо ал "мага башка эч ким үйлөнбөсө , мен эч качан эне боло албайм" деген гана ой менен жашап калган.
"Мага жашоо бүтүп калгандай сезилди. Ата-энем мени "пайдаң жок" деп тынбай урушчу болду. 2016-жылы аталаш агам Түркияга чогуу иштеп келүүнү сунуштаганда мен ойлонбой туруп макул болдум. Менин кетишимди ата-энем да жактырды, анткени биздин үйгө сиңдимдин колун сурап келишмек. Тилекке каршы, бизде адамдар келин тандоодо ар дайым анын жакындары кандай жашап жаткандыгы тууралуу маалымат чогултушат. Менин ажырашып, ата-энемдин үйүндө жашаганым сиңдимдин келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн эле", - дейт Мархабо.
Түркияга келгенден кийин кыз тигүүчүнүн жардамчысы болуп ишке орношот. Ал бош убактысында диний окуу жайлардын бирине барган. Бир канча убакыт өткөндөн кийин анын чөйрөсүндө эркек киши пайда болуп, аял издеп жатканын айтат. Мархабо сүйүнүп, чет элдик бай күйөөсү менен бирге башкалардай болуп, ал тургай башкалардан жакшыраак жашай турган пландарды түзө баштайт.
"Мага үйлөнөм деп убада кылган адам адегенде ата-энеси жашаган Сирияда бир нече жыл жашап, андан кийин гана Өзбекстанга кетебиз деди. Мен ал айткан сөздөргө ишенип, макул болдум", - деп эскерет Мархабо.
Ошентип, кыз чала тааныш адам менен паспортун ага берип Сирияга кетет. Алар кичинекей айылга келишип, киши аны жалаң аялдар жашаган үйгө таштап, шашылыш маселелерди чечүү керектигин айтып кетип калат.
"Үч айдан кийин экинчи күйөөм каза болуп калды. Ал кезде кош бойлуу болчумун. Төрөткө чейин күйөөлөрү каза болгон аялдар менен жашачумун. Токсикоз жана кош бойлуулуктун башка өзгөчөлүктөрү тууралуу ойлонбоптурмун. Тамак-аш бышырчубуз, кир жууп, кийим тигүү менен алектенчүбүз. Ооруганга жана чаргаганга акыбыз жок эле... Төрөгөндөн кийин кайра турмушка чыктым. Үчүнчү күйөөм агрессивдүү болду. Кызымдын ыйлаганына жини келип, тынбай кыйкырчу. Төрт айдан кийин аны да өлтүрүштү. Ошол учурду эстесем, мунун баары менин башымдан өтпөгөндөй сезилет. Мен өзүмдү алсыз, коргонуусуз деп эсептечүмүн. Бирок, мен башымдан өткөргөндөрдү көтөрүү ар кимдин колунан келе бербейт. Сирияда бир кыз менен дос болуп калдым, ал дагы Өзбекстандан болчу. Ага менден бир кадам алыстыкта ой тийип, каза болду", - дейт ал.
Кыз жашаган аймакта салгылашуу башталып, ал башка жесирлер менен бирге Сириянын Аль-Хол лагерине барып калган. Ал бул жер тууралуу үч гана сөз айтат: ачкачылык, суук жана ырайымсыздык. Дал ошол жерде Мархабо Өзбекстан гуманитардык операциянын алкагында өз жарандарын мекенине алып кетип жатканын билип, атайын борт күтө баштаган.
"Өзбекстанга кайтып келгенден кийин абдан тынчсыздандым, мени мекенибизде сот күтүп турганын айтышты. Бирок мен Өзбекстанда өлгөнүм жакшы экенин түшүндүм. Алар бизди түрмөгө отургузушкан жок, тескерисинче, паспортубузду калыбына келтирүүгө, кызыма туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга жана турак-жай маселесин чечүүгө жардам беришти», - деп белгилейт ал.
Мархабо төрт жылдан бери баарын унутууга аракет кылып келет. Кыз туулган айылына кайтып барган эмес, туугандары менен да байланышпайт. Жоолугун чечпесе да диний жайлардан качат. Алгачкы жылдары аял кызы менен ижарага батирде жашашкан, аны акимчилик төлөп берген.
"Биринчи батиримден дээрлик дароо көчүп кетүүгө туура келди. Мен анда үч күн гана жашадым, бирөөлөр эшикке кемсинткен сөздөрдү жазып, анан өрттөөгө аракет кылышты. Эч ким менен сүйлөшпөйм, чыр-чатактан алысмын. Сирияда жүргөнүмдү эч кимге айтпайм. Кызым үчкө чыгаары менен тигүү цехине жумушка орноштум, азыр ал жакта иштеп жатам”, - дейт Мархабо .
Мархабо жаш кезинде турмушка шашылганына, анан бирөөнүн аялы болууну кыялданганына абдан өкүнөт.
"Жылдар өтсө дагы түнү менен уктай албайм. Бул коркуу, балким, өмүрүмдүн аягына чейин менде кала берет. Бүгүн мен бир нерсени гана кыялданам: кызым чоңоюп, университетке тапшырып, ийгиликке жетсе", - дейт 27 жаштагы аял.
Булак: NazarNews.kg