www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушунда бетон ташуучу унаа кулап, курулуш иштерин жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып салынды.

Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Чыңгыз Айтматов көчөсү, 48 дарегинде жайгашкан 20–25 кабаттуу турак жай комплексинин курулуш аянтчасында болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, насостук жабдууну жылдыруу учурунда конструкция жылып кетип, атайын техниканын тең салмактуулугу бузулган. Натыйжада бетон ташуучу унаа курулуш аянтчасынын сырткы тосмосуна кулап түшкөн.

Окуядан кийин департаменттин адистери жеринде текшерүү жүргүзүп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Авангард» ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүштү. Компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда окуя болгон аймак курчоого алынып, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Последние новости