www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө кыздардын ортосундагы сөз талаш мушташка айланган видео аныкталды.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факт Ленин РИИБдин Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.
Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1997-жылы туулган К.Э. жана М.А. аттуу жарандарды аныктап, Ленин РИИБге жеткиришкен.
Аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протоколдор түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Топтолгон материалдар кароо үчүн сотко жөнөтүлөрү маалымдалды.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, мыйзамсыз аракеттерге жана чыр-чатактарга жол бербөөгө чакырып, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик караларын эскертти.