www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 миң сом өлчөмүндө акчасын алган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган жаран Б.улуу А. социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формалык кийимин кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырып, ошондой эле акча үчүн юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келгендиги аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катышы аныкталууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости