www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетин реформалоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 17-майда өлкө президенти «Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин айрым маселелери жөнүндө» №893 жарлыкка кол койду.

Документте президенттин 15 жарлыгына улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууну караган өзгөртүүлөр киргизилет. «УКМКнын жаңыланган түзүмү бекитилди. УККнын өзүнчө мамлекеттик мекемелери кайра түзүлүп, оптималдаштырылды», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости