www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Евразиялык экономикалык форумдун алкагында жол кыймылына убактылуу чектөө киргизүү пландалган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, жол кыймылы кортеж өтүп жаткан учурда 5-10 мүнөткө гана чектелет.

“Ошентип, “Манас” аэропортунан Бишкек шаарына чейинки, Жибек-Жолу, Чүй, Айтматов чоң көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары. Мындан тышкары, Абдрахманов көчөсү дагы убактылуу жабылы мүмкүн”, - деди ал.

Өз кезегинде ИИМдин коомдук коопсуздук боюнча өкүлү Зарылбек Райымкулов жеке курам толук күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй турганын кошумчалады.

“Евразиялык экономикалык форуму өтүү учурунда төрт миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости