www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин «Кыргызстан–Беларусь» эл аралык экономикалык кызматташтык форумуна катышты.
Иш-чара эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосунда түз диалог түзүү, жаңы байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталды.
Форумдун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Беларустун кызматташтыгын кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан логистика, айыл чарба, жеңил өнөр жай, энергетика жана туризм тармактарында кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ал эми Беларусь машина куруу, айыл чарба технологиялары жана өнөр жайлык илимий тажрыйбасы менен өзгөчөлөнөт.
“Биз бул мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштыруу аркылуу өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга чоң потенциал көрүп жатабыз. Бизнес өкүлдөрүнүн түз байланыш түзүүсү — ишенимдин негизги пайдубалы,” — деп белгиледи МинКаб Төрагасы.
Өз кезегинде Беларусь Премьер-министри Александр Турчин форум эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташтыгын кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча экенин айтты.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Беларус Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Кыргыз-беларус ишкерлер кеңешин түзүү боюнча документтер алмашылды.
Форумга эки өлкөдөн 150гө жакын ишкер жана бизнес өкүлдөрү катышты.