www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Э. С. боюнча комментарий берди. Бул тууралуу кактус басылмасы жазып чыкты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул маселе мекеменин жана Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн көзөмөлүндө.
Кыргызстандын элчилиги кармалган жарандын жакындары менен байланышта болуп, окуянын бардык жагдайларын тактоо жана зарыл консулдук жардам көрсөтүү максатында Түркиянын тиешелүү органдары менен иш алып барууда.
МКлардын маалыматына караганда, Э. С. Түркияда террордук уюм деп таанылган «Хизмет» кыймылы менен байланышы бар деген шек менен кармалган.
Маалыматтарга ылайык, ал 22-май күнү суракка чакырылып, 23-майда Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр багыты боюнча транзиттик учуу учурунда үй-бүлөсү менен бирге Анкара шаарындагы «Эсенбога» аэропортунда кармалган.
Ошондой эле Э. С. 2014-жылы Түркиянын Измир шаарында билим алганы кабарланууда.