www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Кореянын достук паркында экологиялык акция өтүп, анын алкагында 70 даана гибискус бадалы отургузулду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Дже, Кёнгидо провинциясынан келген жаш ыктыярчылар, «Кая КДЖИ» коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрү катышты.

Мэр Айбек Джунушалиев мындай экологиялык демилгелер Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.

Анын айтымында, экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу багыттарындагы биргелешкен иштер өзгөчө мааниге ээ.

Экологиялык акциянын негизги максаты — эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө менен бирге Бишкекти жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө салым кошуу.

Последние новости